Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Адвокаттардын арызын Чүй облсоту канаатандырбады


Петровка айылындагы окуяга байланыштуу камалган Эркин Булекбаев, Сапар Аргымбаев жана Уран Рыскуловдун адвокаттарынын Москва райондук сотунун судьясы жана прокуроруна ишеним көрсөтпөө тууралуу арызын Чүй облустук соту бүгүн карап канаатандырган жок. Москва райондук сотунун токтомун күчүндө калтырды. Бул тууралуу “Жашылдар” партиясынын мүчөсү Каныбек Сарымсаков “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка караганда апрель айындагы Петровка окуясы боюнча 5-августа кезектеги соттук жараянда адвокаттар сот жана прокурорго ишеним көрсөтпөй турганын жарыялашкан. Эми Чүй облустук сотунун чечиминен кийин Москва райондук сотунда Петровка окуясына байланыштуу иш кайрадан карала баштайт.
“Жашылдар” партиясынын мүчөлөрү жана БЭК муну саясий куугунтук катары баалашууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG