Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:55

Бишкектеги жаштар аллеясы бүлүнүп жатат


“Университет үйү” турак жай менчик ээлеринин жамааттыгы жаштар аллеясындагы бактар кыйылып, көп кабаттуу үйлөрдүн курулуп жатканына тынчсызданууда. Бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын лидери Токтайым Үмөталиева курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Юнис-Курулуш” ишканасынын мындай аракетин басып алуучулук катары баалап жатат. Анын айтымында, учурда бул аймакты пайдаланууга уруксат берген мэриянын токтомун жокко чыгаруу боюнча чаралар каралууда. Соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө курулуш иштерин токтотуп туруу боюнча чечим кабыл алынган. Жамааттыктын мүчөсү Эсен Абдылдаевдин айтымында, бул чечимге карабастан бактарды кыюу иштери түн ичинде, жарык өчкөн мезгилде уланып жатат. Жамааттык абалды тактап берүү өтүнүчү менен президентке, өкмөткө, мэрияга кайрылуу жолдоду.(AzK)

XS
SM
MD
LG