Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:56

Ирак убагында билим берүүнүн аймактык үлгүсү саналган, бирок бүгүн бул тармактын абалы оор.

Сөз чынынан бузулбайт демекчи, Саддам Хуссейндин режими көп зомбулукка жол берген менен, Ирактын билим берүү системасы убагында араб дүйнөсүнө үлгү болгон. Өлкөдө сабаттуулардын саны бүт аймакта эң жогору эле. Бул «мисирликтер китеп жазышат, Ливанда китеп чыгарышат, аларды арабдар окуйт» деген накыл сөздүн канчалык негиздүү экендигин айгинелеп турган.

Бүгүнкү Иракта чоңдордун ар бир төртүнчүсү сабатсыз. Көп жылдардан берки санкциялар, согуштар, саясий туруксуздук өз кесепетин тийгизбей койгон жок. Көп киши окууну ойломок тургай, курсагын тойгузуп, алты саны аман басып жүргөнүнө ыраазы. Мугалимдердин кесиптик деңгээли төмөндөп кеткендиктен, алардан билим алган студенттердин алган билими да арабөк.

Амманда иштеген Билим берүү программасы боюнча адис Нур Дажанинин айтымында, Иракта бүгүн 5 миллион киши сабатсыз:

Жаш студенттер ата-энесине жардам берип, же мектеп жок болгондуктан окубай калышат. Коопсуздук маселеси да бар, (мисалы) ата-энелер кыздарды мектепке жибергилери келбейт. Башталгыч класстарды алсак, айылдык кыздардын дээрлик 70 пайызы окубайт, бул башка калк катмарларынан эң азы. Орто мектепке келгенде, бул көрсөткүч - 15 пайыз.

Сабатсыздык коңшулаш Сирия менен Иорданда баш калканч тапкан бир жарым миллион ирактык качкындын арасында да жогору. Сирия ирактык балдарга бекер билим берүүнү камсыздаган, бирок үстүбүздөгү жылы мектепке барган ирактык балдардын саны кескин азайгандыгы маалым болууда.

Билим берүү министринин илимий иштер боюнча орун басары Нихад Аббас Азаттыктын Ирак кызматына билдиргендей, билим берүү жайлары жаш мугалимдердин кесиптик деңгээлинин начардыгынан жапа тартууда:

Биз мугалимдердин кесиптик деңгээлин көтөрүп, билим берүүнүн сапатын жакшыртышыбыз керек. Биздин мугалимдердин кесиптик деңгээли өтө эле төмөндөп кетти. Жаш мугалимдер тестирлөөдөн өткөрүлбөйт, университетте алган бааларынын негизинде эле ишке алынып калат. Мунун кесепети биздин билим берүүнүн стандарттарына тийип жатат. Ушул себептен орто мектепти бүткөндөрдүн арасында университетке өткөндөр да аз.

Аббастын айтымында, жеке менчик мектептер пенсия жашындагы мугалимдерди ишке алышат, мындай мугалимдердин кесиптик даярдыгы жогору болгондуктан, бул мектептер мамлекеттик мектептерге караганда мыкты көрсөткүчтөрдү камсыздашууда.

Ирак парламентинин Билим берүү комитетинин жетекчиси Ала Маккинин сөзү боюнча, окутуу стандарттарынын төмөндөп кетишинин бир себебин мугалимдер даярдалган жогорку окуу жайлардан издеш керек:

Негизинен, билим берүүнүн деңгээли начарлап кетти. Бул студенттердин (начар) билиминен болуп жатат. Ошондой эле Билим берүү министрлиги мугалимдердин кесиптик деңгээлин көтөрүүчү курстарды, семинарларды жетиштүү көлөмдө уюштура албайт.

Дүйнө боюнча ЮНЕСКОнун эсебинде 776 миллион киши окуганды, жазганды билбейт. Булардын үчтөн экиси – аялдар. Ошондой эле 75 миллион улан-кыз окубайт, мындан да көбү сабакка үзүл-кесил барат, же мектептен чыгып калат.
XS
SM
MD
LG