Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Парламенттин спикери А.Тагаев Кипрге чакыруу алды


Бүгүн парламенттин төрагасы Айтибай Тагаев Кипрдин Кыргызстандагы атайы жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Петрос Кесторас менен жолукту. А.Тагаев Петрос Кесторасты элчи кызматына кириши менен куттуктап, анын дипломатиялык ишмердигине ийгилик каалады. Ал бүгүнкү жолугушуу эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө түрткү берээрин белгиледи. Элчи Петрос Кесторас ыраазылыгын билдирип, Айтибай Тагаевге Кипрдин парламентинин спикеринин атынан өз өлкөсүнө расмий иш сапар менен келип кетүү боюнча чакыруу тапшырды. (AzK)

XS
SM
MD
LG