Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:11

Алгачкы жыйынтыктар Карзайдын жеңгенин көрсөтүүдө


Алдын ала жарыяланган маалыматтарга караганда, ооган мамлекет башчысы Хамид Карзай добуштардын 54,1 процентин алды. Мындай жарыя 20-август күнкү президенттик шайлоо бурмалоолор менен коштолгон деген күмөн саноолор көбөйгөн учурга туш келди. Өлкөнүн көз карандысыз шайлоо комиссиясы бюллетендердин 91,6 проценти саналып бүткөнүн билдирди. Ага ылайык, Карзайдын негизги атаандашы Абдулла Абдуллага шайлоочулардын 28,3 проценти ишеним көргөзгөн. Ошол эле маалда БУУ сүрөөнчүлүккө алган Шайлоо боюнча даттануу комиссиясы бурмалоолор фактылары далилденген бюллетендерди кайра санап чыгууга буйрук берди. Бул – Карзай добуштардын бир бөлүгүнөн айрылып калышы мүмкүн дегенге жатат. Мыйзам бузуулар боюнча арыздануулар текшерилип чыкмайынча соңку жыйынтыктар жарыяланбайт. Карзай 50 процент добуш алса, жеңүүчү болуп калмакчы жана экинчи айлампа өткөрүлбөйт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG