Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:06

Меркел: НАТОнун Ооганстандагы соккусу иликтенет


Немис канцлери Ангела Меркел НАТОнун Ооганстандагы аба соккусу боюнча толук түшүндүрмө берилет деп ишендирди. Германиялык кол башчы буйрук берген соккудан ооган бийликтеринин ырастоосунда, күйүүчү май ташыган эки цистерна жарылып, кеминде 54 киши, анын ичинде жайкын адамдар набыт кеткен. Сөз болгон цистерналарды анын алдында талип согушкерлери басып алышкан. Окуя өткөн жумада Кундуз вилайетинде болгон. Парламентте бүгүн сүйлөгөн сөзүндө Меркел бейкүнөө оогандар арасындагы жоготуулар өтө көп болуп жатканына өкүнүчүн билдирди. Ошол эле маалда канцлер "куру айыптоолорго" Германия макул эмес деди.

27-сентябрь күнкү жалпы шайлоо алдында Ооганстандагы уруш Германияда ири саясий талкууга айланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG