Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Ооганстан Германияны да ойлонтууда


Немис канцлери Ооганстандын Кундуз провинциясына быйыл апрелде барып келген.
Немис канцлери Ооганстандын Кундуз провинциясына быйыл апрелде барып келген.

Германиянын канцлери Ангела Меркел өлкө парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Ооганстанда немис аскерлеринин талабы боюнча жасалган аба чабуулу үчүн айтылып жаткан сындарды четке какты.

Ага катар немец өкмөт башчысы коопсуздук үчүн жоопкерчиликти оогандардын өзүнө кантип өткөрүп берүү боюнча макулдашууга быйылкы жылдын соңуна чейин жетишүүгө чакырды.

Германиянын дарегине эл аралык коомчулуктан айтылып жаткан сын 4-сентябрь күнү Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясында орун алган окуяга байланыштуу. Бензин тарткан унаалардын Талибандын согушкерлери тарабынан каракталып кеткен экөөсүнө НАТОнун учактары Кундуздагы немис аскерлеринин буйругу менен жасаган аба соккусу учурунда ондогон адам, анын ичинде жөн-жай тургундар да каза тапты деген маалыматтар бар.

Бирок немис канцлери Ангела Меркел шейшембиде парламентте сүйлөгөн сөзүндө фактылар иликтөөдө аныкталмайынча сабырдуу болууга чакырды жана кокус бейкүнөө адамдардын өмүрү кыйылган болсо, ага өкүнөрүн айтты:

- Өткөн жума күнү немис армиясына Ооганстанда Талибанга каршы эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн миссиясы астында күрөшүүдө өтө оор чечимдердин бирин кабыл алууга туура келди. Көп адамдар өлдү. Бул жерде ал чечимдин натыйжасы, өзгөчө курмандыктар боюнча ырааттуу эмес түшүндүрмөлөр болуп жатат. Биз ушул нерсени түшүндүрүшүбүз керек. Мен муну ачык эле айтайын. Ооганстанда бейкүнөө мерт болгондор бирөө болсо да көптүк кылат.

Ооганстан укук монитору деген көз карандысыз бейөкмөт уюмдун ушул дүйшөмбүдө билдиргенине караганда, Кундуз провинциясынын Чар Дара районунда аба чабуулдан өлгөн жөн-жай тургундар саны 70ке чейин жетет. Ал эми мунун алдында Ооганстандын жана НАТОнун расмий өкүлдөр аба чабуулдан 56 козголоңчу жок кылынып, 12си жаракат алды деп ырасташкан эле.

Президент Хамид Карзай болсо дүйшөмбү күнү франциялык “Le Figaro” гезитинде жарыяланган интервьюсунда Кундуздагы абал чабуулу немис күчтөрүнүн “ой жүгүртүүсүндөгү олуттуу ката” болгонун белгиледи. Бирок Германия өз командирлеринин чечимин коргоодо. Ошол эле учурда расмий Берлин Ооганстандан аскерлерин чыгара баштоонун жолун табууга дилгир экени көрүнүп турат.

Канцлер Ангела Меркел парламенттеги сөзүндө немис аскерлеринин Ооганстанда али жоопкерчилиги бар экендигине токтолду, бирок коопсуздук боюнча жоопкерчиликти болочоктогу ооган өкмөтүнө кантип өткөрүп берүүнүн жолдорун талкуулоо үчүн эл аралык конференция чакыруу жөнүндөгү сунушун кайталады. Ангела Меркел жана британ өкмөт башчысы Гордон Браун НАТОго Ооганстандагы аскерлеринин санын кыскартууга мүмкүндүк берүүчү бул демилге тууралуу алгач 6-сентябрда Берлиндеги баса сөз жыйында жарыялаган. Алардын айтымында, демилгеге француз президенти Николя Саркози да кошулат.

Германиянын Эл аралык мамилелер кеңешинин коопсуздук саясаты боюнча эксперти Хеннинг Рике “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде белгилегендей, канцлер парламенттеги сөзүндө Ооганстан боюнча өлкөнүн өзүндө күч алган тынчызданууларга жооп берүүгө аракеттенди. Анткени Германия 27-сентябрга белгиленген парламенттик шайлоонун алдында турат:

- Бул ал үчүн шайлоо өнөктүгүндө Германия Ооганстанды стабилдештирүүдөгү жоопкерчилик маселесин көтөрүп жатканын көргөзүү мүмкүнчүлүгү. Учурдагы стратегия кайра кароого муктаж экени айныксыз, анткени Ооганстандагы кырдаал начарлап кетти. Оогандардын көбү эл аралык кийлигишүнүн жеке алар үчүн пайдасын көрбөй жатат. Стабилдештирүү - миссиянын бир бөлүгү, эгер ал иштебесе, терророчулука каршы күрөшүү боюнча бүткүл миссиянын максаты да оңунан чыкпай калганы.

Немистер Ооганстандагы озуйпаны так билгиси келет

Талдоочу Хеннинг Рикке кошумчалагандай, Ооганстан боюнча Германиядагы талкуулар ал жактан аскерлерди чыгаруунун так мөөнөтүн жарыялоодо эмес, тескерисинче немис аскерлери кандай конкреттүү милдет аткаруусу керектигине жана расмий Берлин Кундуздагы бомбалоо боюнча талашка кандай мамиле жасап жаткандыгында:

- Бензин тарткан эки унаага кол салынгандан бери бизде талкуулар жүрүүдө. Коюлуп жаткан суроо немис аскелеринин Ооганстанда дагы канчага турары. Ошондой эле өкмөттүн маалымат саясатына байланыштуу, биз Ооганстанда эмне үчүн жүргөнүбүздү жана эмне кылып жатканыбызды кең-кесири түшүндүрүп берүүсү керекпи же жокпу деген талкуу. Жалпысынан бул Ооганстанда туруу-турбоо маселеси эмес. Анткени Бундестагдагы беш партиянын төртөө аскер жайгаштырууну колдогон жана ага мандат берген.

Германия НАТОнун Ооганстанда АКШ менен Британиядан кийин аскери көп үчүнчү өлкөсү. 4200дөй немис жоокерине Кундуз провинциясында тынчтык сактоо миссиясы жүктөлгөн. Өткөн аптада талиптердин бул чөлкөмдө бензин тарткан эки унааны карактап кетүүсү жана жана аларга абадан урулган сокку Тажикстан менен чектеш бул чөлкөмдө да коопсуздук ойдогудай эмес экенин көргөздү. Быйылкы жылдын башына чейин Кундуз салыштырмалуу тынч провинция деп эсептелчү.

Эксперттердин пикиринде, немистерге мүнөздүү сактык, же өкмөттүн аскерлерине урушка аралашууну чектегени жана ошол эле учурда Талибандын Кундузда активдешүүсү коопсуздук кырдаалын начарлатып жиберди.

Быйыл июлда немис жана ооган аскерлери аймакта биргелешкен операция өткөрүшкөн. Ооган расмий өкүлдөрү билдиришкендей, ал операция бир жагынан Өзбекстан ислам кыймылынын согушкерлеринин чек аранын ары жагында Пакистандын аскерий операция жүргүзүүсүнөн Ооганстанга кире качуусун токтотуу эле.

Немис эксперти Хеннинг Рикенин айтымында, элдин Германия Ооганстанда аскер жайгаштыруусуна каршы болгон төрттөн үч бөлүгү негизинен немец аскерлеринин согушка аралашуусуна каршы, бирок өлкөнү кайра куруу жана стабилдештирүү аракетине жакшы эле колдоо бар. Ооганстан ошондой эле алдыдагы парламенттик шайлоонун маанилүү маселеси бойдон калууда. Саясий оппоненттер аны Меркелдин өкмөтүн сындоо үчүн пайдаланышат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG