Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:42

Эл аралык баңзат жолуна бөгөт коюлду


КР улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Казакстандын Коопсуздук кызматы менен биргеликте баңзаттарга каршы атайын операция жүргүзгөн. Операциянын жүрүшүндө Кыргызстан жана Казакстан аркылуу КМШ өлкөлөрүнө жана башка батыш мамлекеттерине баңзат ташылып жаткан жол бардыгы аныкталып, ага бөгөт коюлду. КР Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы кабарлаганы боюнча операция маалында Казакстандын Павлодар облусунан 40 кг ооган апийими кармалып, бул боюнча кылмыш иши козголгон.

Айрым бейөкмөт уюмдардын маалыматы боюнча акыркы жылдары Ооганстанда өндүрүлгөн баңзаттардын Кыргызстан аркылуу Орусия жана башка мамлекеттерге тароосу күчөгөн.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG