Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:50

“Азия Курулушка” алдангандар президентке кайрылды


2005-жылы “Азия курулуш” жабык акционердик коому менен үй алуу боюнча келишим түзүп, алданып калган шаар тургундарынын тобу президенттен өздөрүнүн турак жайга болгон укугун коргоп берүүсүн өтүнүп жатышат. Анткени “Азия курулуш” менен түзгөн келишимге ылайык каалоочулар жаңы курулуп жаткан үйлөр үчүн акчаларын бөлүп берип олтуруп, бир жыл аралыгында үйлүү болушмак. Жабырлануучулардын бири Роза Султанованын айтымында, убада кылынган 12 микрорайондогу 5 турак үйү дагы эле курулуп бүтө элек. Ошондой эле бир эле квартиранын бир канча адамга сатуу боюнча келишимдер түзүлгөн фактылар катталган. Алар ушул убакка чейин “Азия курулушка” берген 2,5 миллион доллар акчаларын кайтарып ала албай убара. Ал эми “Азия курулуштун” жетекчиси Адинай Турдубаева жабырлануучуларды арызы боюнча кармалып, ага шылуунчулук боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок ал учурда рак оорусуна байланыштуу ооруканада милициянын кайтаруусунда жатат. Жабырлануучулар буга чейин Каржы полициясына, Салык инспекциясына, УКМКга жана прокуратурага кайрылып келишкен. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG