Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:17

Аксыдагы жүргөн сел 11 кой- эчкини агызды


Райондун Кош- Дөбө айыл өкмөтүндө мөндүр аралашкан катуу нөшөр жааган. Натыйжада 7- сентябрь күнү кечке жуук Улук, Токтогул жана Семет айылдарында жүргөн сел жашылча- жемиш, айыл чарба эгиндерине зыян келтирген. Сууга аккан жандыктардан сырткары, 99 гектар аянттагы эгин менен бак-дарактар зыян тарткан. Бирок кишилер менен турак- жайлар жабыр тарткан эмес. Облустун Токтогул районунда 8- сентябрда ылдамдыгы секундуна 24-28, 30-34 метр болгон катуу шамал жүргөн. Азырынча анын районго кандай зыян келтиргени тууралу маалыматтар жок. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG