Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:12

Бүгүн тогуз сандары тогошкон күн


Бүгүнкү күнгө өзгөчө маани берип үйлөнгөндөрдүн саны бүгүн 20га жетти. Бакыт үйүнөн билдиришкендей, адатта мындай иш күндөрү баш кошкондордун саны өтө аз болот же таптакыр болбойт. Жакшылыктын күбөсү болуп жүргөн Арсен Мамбетакуновдун айтымында, ал бул күндү баш кошуп жаткан балдары үчүн “көп бала алып келсин, тогуздап мал алып келсин” деген максата тандап алган.
Кыргыздар өзгөчө маани берген жети сандары тогошкон күнү 55 түгөй баш кошкон, ал эми сегиз саны тогошкон жылы же былтыр баш кошкондордун саны 67ге жеткен. Бул күндөр дем алыш күндөрүнө туш келгендиктен да үйлөнүү тойлорунун саны көп болгон. Ал эми айрымдар тогуз саны Орозо айына туш келгендиктен быйылкы баш кошуулардын санына таасирин тийгизди деген ойлорун билдиришти. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG