Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:42

Карзай шайлоонун алдын-ала жыйынтыгына колдоо билдирди


Ооганстандын Көз карандысыз шайлоо комиссиясы кечээ добуштардын 90 пайызы саналгандан кийин, президент Карзай 54 пайызы менен биринчи орунда келатканын маалымдаган. Карзайдын башкы атаандашы, мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла 28 пайыз менен экинчи орунда келатат. Бирок Шайлоо боюнча Даттануу комиссиясы «шайлоону бурмалоонун так жана ишенимдүү далили» бар экендигин айтууда. Президент болуп шайлануу үчүн талапкер добуштардын 50 пайыздан ашыгын алышы керек.

XS
SM
MD
LG