Линктер

бейшемби, 27-апрель, 2017 Бишкек убактысы 03:33

Тажикстан бүгүн Көз карандысыздык күнүн белгилөөдө


Майрам күнү айрымдар өлкө бир катар экономикалык мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберишкендигин айтып чыгышты. Экономика министри Давлат Осмон Азаттыкка 11-сентябрдагы АКШдагы террордук чабуулдан кийин Тажикстанга дүйнө менен алакалашуунун жаңы жолдору ачылганын, бирок өлкө башка борбор азиялык жумурияттардай эле инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгүн жетиштүү пайдаланбай, Кремлге көз каранды бойдон калганын билдирди. Тажикстандын Экономика институтунун профессору ХожиМухаммад Оморов өлкө экономикалык «ачык эшик» саясатын жарыялаганы менен, коррупция көп эшиктердин жабык бойдон калышына мажбурлап жаткандыгын белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG