Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:49

Алматыда сот көз карандысыз басылмага айып салды


"Азаттыктын" казак кызматы билдиргендей, «Республика» жумалыгы БТА банкына дээрлик 400 миң доллардык айып төлөй турган болду. Сот басылманы "аманатчылар акчаларын бул банктан жапырт чыгарып алып алышкандыгы үчүн күнөөлүү» деп тапты. Сот ишин «саясий кысым» деп эсептеген басылма сот өкүмүнөн кийин "Республиканы" жабууга мажбур болоорун билдирүүдө. Аманатчылардын 45 миллион доллар аманатынан айрылган банкты сактап калыш үчүн, аны казак өкмөтү өз көзөмөлүнө өткөрүп алган. Ушул жайда «Таш жарган» басылмасы ушундай эле соттон кийин чыкпай калган эле. Бүгүн ошондой эле Алматыда бир партиялуу парламенти таркатуу талабы менен чыккан «Рух жана Тил» жаштар кыймылынын жети активисти камакка алынды.

XS
SM
MD
LG