Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:06

Россия менен база боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат


Бул тууралуу премьер-министр Игорь Чудинов “Азаттыктын” кабарчысы менен 9-сентябрда кечке жуук болгон маекте билдирди. Игорь Чудиновдун айтымында, Кыргызстан түштүгүндө орус аскердик базасын ачуу боюнча эки өлкөнүн коргоо министрликтеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат жана анын жыйынтыгы ноябрь айында чыгып калышы күтүлүүдө. Кыргыз жана орус президенттери түштүк региондо аскердик база ачуу боюнча меморандумга ЖККУнун август айында Кыргызстанда өткөн саммитинде кол койгон. Ал эми Манастагы америкалык Транзиттик борбордон ижара жана башка төлөмдөр келишимде каралгандай өлчөмдө Кыргызстанга түшүп жатат.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG