Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:50

Парламент К. Кадыровдун макамы боюнча маселе карайт


Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыровду кол тийбестиктен ажыратуу маселесин кароону токтото туруу өтүнүчү менен анын фракциялашы Иса Өмүркулов депутаттарга кайрылды. Анын сөзүн социал-демократиялык фракциянын дагы бир мүчөсү Роза Отунбаева кубаттап, жок дегенде бир жумага бул маселени кароону токтотууну өтүндү.

“Ак жол” фроакциясынын башчысы Улукбек Ормонов буга каршы чыкты. Ал бүгүн парламент отурумунда депутат Кубанычбек Кадыровду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия түзүү маселеси гана каралып жаткандыгын белгилеп, Башкы прокуратуранын өтүнүчүн четке кагуу мүмкүн эместигин билдирди.

Мурда кабарлангандай социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыровго Башкы прокуратура тарабынан 23-июлда Балыкчыдагы баш-аламандыкты уюштуруучу катары айып тагылган.

Кубанычбек Кадыров ага карата козголгон кылмыш иштин мыйзамдуулугун текшерүүнү өтүнүп сотко кайрылды.

23-июлда Балыкчы шаарында президенттик шайлоодогу мыйзамсыздыктарга нааразы болгон эле жергиликтүү бийликтен шайлоону акыйкат өткөрүүнү талап кылышкан. Жергиликтүү бийлик күч органдары менен бирге аларды шайлоо өткөрүүгө тоскоол кылды, баш-аламандык уюштурду деп айыптап, камакка алган. Шайлоодогу мыйзамсыздыктарга нааразы болгон элдин ичинде ЖК депутаты Кубанычбек Кадыров да болгон. Оппозиция ага карата коюлуп жаткан айыпты саясий куугунтук деп баалоодо.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG