Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:07

Өзбекстандагы түрмөдөн качкандар тууралуу маалымат жок


КР ИИМдин басма сөз кызматкери Олжобай Казабаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча Өзбекстандагы түрмөдөн качкандар тууралуу өзбек милициясынан расмий кайрылуу болгон эмес. Ушундай эле маалыматты КР чек ара кызматынын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти.

Айрым маалымат каражаттары 6-сентябрь күнү Өзбекстан борборуна жакын жайгашкан Бостанлык түрмөсүнөн он киши качып кеткендигин, алар эки күн ичинде алты кишини өлтүрүп, эки адамды жарадар кылышкандыгын жазып чыккан. Өлгөн кишилердин арасында бир аял жана 3 жашар бала бар. Түрмөдөн качкандар кароолчуларды өлтүрүп, алардын куралдарын алып кетишкен. Бул окуя боюнча Өзбекстандын коопсуздук кызматы казакстандык кесиптештерине маалымдама жиберген. Казакстандын коопсуздук кызматы буга байланыштуу чукул иш-чараларды көрүп жатканы кабарланууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG