Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

ЖК К. Кадыровдун макамын кароого киришти


Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Кубанычбек Кадыровдун депутаттык кол тийбестигин алып салуу тууралуу Башкы прокуратуранын өтүнүчү жана ага байланыштуу ЖКнын тиешелүү комитеттеринин чечими менен “Ак жол” фракциясынын депутаты Алишер Сабиров тааныштырды. Анын айтуусунда комитеттердин чечими боюнча Кубанычбек Кадыровдун кол тийбестигин алып салууну иликтөө боюнча депутаттардын кароосуна комиссия түзүү маселеси коюлат.
Кечээ бул маселени “Ак жол” жана Коммунисттер фракциясы карап, комитеттин убактылуу комиссия түзүү тууралуу чечимди колдоп беришкен жана анын курамына өздөрүнүн фракцияларынан өкүлдөрдү сунушташкан.

Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыровго Башкы прокуратура тарабынан 23-июлда Балыкчыдагы баш-аламандыкты уюштуруучу катары айып тагылып, кылмыш иши козголгон.

Кубанычбек Кадыров ага карата козголгон кылмыш иштин мыйзамдуулугун текшерүүнү өтүнүп сотко кайрылды.

Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Ирина Карамушкина бүгүнкү отурумда Кубанычбек Кадыровго Башкы прокуратура тарабынан коюлуп жаткан айып мыйзамсыздыгын белгилеп, комиссияны туура иликтөөгө чакырды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG