Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:18

ШКУнун ишкер кеңеши бейформал аянт түзүүнү сунуштоодо


Шанхай кызматташтык уюмунун ишкер кеңеши энергетиканы өнүктүрүү боюнча маселелер талкуулануучу бейформал аянт түзүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин сырткы экономикага жана тышкы соода жүгүртүүгө жоопкер жетекчилеринин жыйынында соода -өнөр-жай палатасынын президенти Жумасарлык Нуржанов билдирди. Анын журналисттерге билдиргени боюнча мындай бейформал аянтты Ишкер кеңештин алдында түзүү пайдалуу, ал өз кезегинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн энергетика тармагын өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзүп бере алат.

Ушул тапта Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында ШКУга мүчө мамлекеттердин сырткы экономикага жана тышкы соода жүгүртүүгө жоопкер жетекчилеринин жыйыны өтүп жатат. Ага Кыргызстан тараптан экономиканы өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров катышууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG