Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Ошто Горький атындагы гимназияда нааразылык чыкты


Горький атындагы мектеп-гимназиянын директору Махаматжан Ахуновду Ош шаардык агартуу башкармалыгынын башка билим журтуна которгон чечимине наааразы болгон жүздөн ашуун адам каршылык билдиришти. Ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар агайы ордунда калтырылбаса, иш таштоо да жарыялай тургандыгын ачыкташты. Өз кезегинде аталган башкармалыктын жетекчиси Абдивали Балтабаев окуу-тарбия ишин жакшыртуу максатында мектеп башчыларын ротациялоону башташкандыгын, мындай сыноого бир орунда көп жылдар бою эмгектенген директорлор туш болгондугун белгилеп, гимназиянын өкүлдөрүнүн талабын аткарылбас ультиматум катары баалады. (ATo)

XS
SM
MD
LG