Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:03

Нарында жайыттарды пайдалануу боюнча кеңешме болду


Нарын районунда «жайыттарды жакшыртуу жана башкаруу» деген темада өткөрүлгөн жыйында жергиликтүү бир катар айыл өкмөт жетекчилери Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамы чийки чыккандыгын жана мыйзам өлүү кагазга айлангандыктарын белгилешти. Нарын районундагы Ми-Булак айыл округунун башчысы Жыргалбек Өмүралиев жайыттар мыйзамы аткарылбагандыгын, атайын жобо август айынын аягында гана чыгарылгандыгын, натыйжада жайыт комитети уюшулбагандыгын, аларга жүктөлгөн жоопкерчилик жоктугун айтат. Мындай кинеге Айылдарды өнүктүрүү боюнча инвестициялык агенттиктин кызматкери Эркинбек Ашымов макул эмес. Анын айтымында жайыт билеттерди жайыт пайдалануучуларга жеткирүү менен мыйзамды иш жүзүнө ашырса болот. Нарын облусунун аймагынын 2 миллион 300 миң гектарын жайыттар ээлейт. (KUs)
XS
SM
MD
LG