Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

Пелоси Барак Обаманы ыңгайсыз абалда калтырды


АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын төрагасы Нэнси Пелоси Ооганстанга кошумча аскер жиберүү идеясы өзгөчө колдоого ээ болбой турганын билдирди. Демократиялык партиянын жогорку даражалуу мүчөлөрүнүн бири эсептелген Нэнси Пелосинин мындай билдирүүсү АКШ президенти Барак Обаманы ыңгайсыз абалда калтырды. Жакында Обама Ооганстандагы америкалык күчтөрдүн командачылыгына жаңы аскер күчүн жана каражат сурап кайрылары күтүлүүдө. Үстүбүздөгү жылдын башында Обама Ооганстанга кошумча 21 миң жоокер жөнөтүү тууралуу буйрук чыгарган.

XS
SM
MD
LG