Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Карызды кечүү маселеси талаш жаратты


1992-1996-жылдар аралыгында мамлекеттен алынып, бирок кайра кайтаруусуз калган насыя акчаларды кечип жиберүү маселеси депутаттардын талашын туудурду. Айыл, суу чарба министрлиги Айрым депутаттар карызды алган адамдар төгүп берсин деп талап кылышса, кээ бирлери бул акчаларды өндүрүп алуучу кишилер капкачан өлүп калган, ал эми алардын ордуна жоопкерчилик алуучу адамдар жок болгондуктан, баары бир өнбөйт деген жүйөөлөрдү келтирип, карызды кечүү боюнча мыйзам долбоорун өткөрүп берүүнү сунуш кылышты. Социал-демократтар фракциясынын депутаты Иса Өмүркулов мурда карыз алгандар менен азыркы алып жаткандардын ортосунда эч кандай айырма жоктугун белгилеп, карызды төлөтүп алууну талап кылды. Ушундай эле пикирди “Ак жол” фракциясынын депутаттары Улукбек Ормонов, Бегалы Наргозуев, Бакыт Төрөбаев бар. Добуш берүүдө депутаттардын көпчүлүк бөлүгү бул маселени бүгүнкү отурумдан алып салууга макулдугун беришти.

Айыл, суу чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча 1992-1996-жылдар үчүн элдин мамлекетке болгон карызы 226 млн. сомду түзөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG