Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

Кыргызстандын терроризмге каршы салымы белгиленди


“Транзиттик борбор АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы достук символу болуп калды,” деп билдирди бүгүн Американын Кыргызстандагы элчиси Татиана Гфэллер. Мындай сөзүн элчи бүгүн 2001-жылы 11-сентябрда АКШда болгон террордук кол салуунун курмандыктарын эскерүү учурунда, АКШнын транзиттик борборунда айтты. Татиана Гфэллер Кыргызстан терроризм менен күрөшүүдө башкы ролду ойноп жаткандыгын айтып, муну АКШ менен Ооганстан президенттери да белгилеп жатышкандыгын билдирип кетти.

2001-жыл 11-сентябрдагы Америкага жасалган террордук чабуулдардан кийин кыргыз бийлиги АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын аскерий базасын Манас аба майданында жайгаштырууга уруксат берген. Андан бери келишим эки жолу өзгөртүлүп, быйыл жазында аскердик база аскердик эмес багыттагы жүктөрдү ташуучу Транзиттик борбор деген макамга ээ болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG