Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:23

Дыйкандардын эмгеги акталабы?


Кыргызстанда быйыл 900 миң тоннадан ашык буудай жыйылаары күтүлүүдө

Кыргызстанда быйыл 900 миң тоннадан ашык буудай жыйылаары күтүлүүдө

Дыйкандар кампасындагы эгендерин өкмөт белгелеген баада 10 сомдон өткөрө албай убара тартышууда

Азыркы маалда Кыргызстанда 280 миңден ашуун дыйкан чарбалары катталган. Алар дан өсүмдүктөрү менен катар жер жана жашылча жемиштерди өндүрүп эмгектенишүүдө. Бирок талаа ээлеринин айтымында алардын эмгектери акталбай кирешеси төмөн болууда.

Нарис Жаманкулов: - Азыркы маалда дыйкандардын жерлери арыктап бүттү. Бир кап селитранын баасы 750 сомду түзүүдө. Буудай арзан ал эми үрөөндүн баасы асман чапчыды. Суу маселеси дагы кыйын. Арыктар тазаланбай, кум басып жатат. Техника акысы кымбат болуп дыйкандардын чөнтөгүнө күч келтирүүдө.

Кеңеш Сардарбеков: - Талаабызды айдап сепкенибиз өзүн актаган жок. Жакында жер айдоо башталат. Күйүүчү май арзан кезинде алалы десек буудайыбыз өтпөй турат. Андан бөлөк сатчудай эч нерсебиз жок. Быйыл элдин талаасы айдалбай калабы деп коркуп турабыз.

Август айынын этегинде премьер-министр Игорь Чудиновдун жетекчилиги астында жыйын өткөн. Анда кыргыз өкмөтү дыйкандарды колдоо иретинде 40 миң тонна буудайдын 1 кг 10 сомдон сатып алмакчы болгон. Бул өлчөмдөгү буудайды сатып алуу үчүн мамлекеттик резервдеги дизелдик күйүүчү майды сатуу каралып, андан тышкары 200 млн сомду табуу
“Агроазыктүлүккорпорациясына” жүктөлгөн.

Бул токтомдун долбоорунда дыйкандар эгендерин нак акчага сатууга же насыяларынын оордуна буудай өткөрүү менен карыздарын жаба алышат деп белгиленген. Бирок өкмөттүн бул демилгеси убада бойдон калгансыйт. Себеби дыйкандар өндүргөн эгинин өкмөт 10 сомдон албай жаткандыгын айтып Кеңеш мырза нааразы болду.

-Жер салыгын эгин менен алгыла десек, базарга сатып акчасын алып келгиле дешти. Буудайды саталык десек 4,5-5 сомду түзүүдө. 10сомдон аласыңарбы десек сапаты туура келбейт деп жатышат. Канттагы жана Токмоктогу ун комбинаттарына барып көрдүк. Силердики төртүнчү сорт, ундук сапаты да начар деген бүтүм чыгарышты. Эми кантип салыкты төлөйбүз деп баш катырып жатабыз.

Өкмөт тараптан бекитилген буйрука ылайык мамлекеттик стандартка жооп берген буудайларды кабыл алаарын жана бул багытта түшүндүрүү иштери жүрөөрүн “Агроазыктүлүккорпорациясынын” жетекчисинин орун басары Алмаз Касымбеков билдирди.

-Жакында эле өкмөттүн буйругу чыкты. Анда азык-түлүк корпорациясы 20 миң тонна буудай кабыл алат деп так жазылган. Жабышчактыгы 23% кем эмес, үчүнчү класстагы аштык буудайдын бир килограммын 10 сомдон сатып алабыз. Талапка жооп берген буудай нак акчага сатылып алынат. Биз райондук администрацияларга кайрылып “сапаттуу буудай кабыл алынат” деп дыйкандарга түшүндурүү иштерин жүргүзсөңөр деп кат жолдодук.

Кабыл алуу ар бир райондо, айыл-өкмөттөрдөн келген дыйкандардын тизмегинин негизинде жүрөт. Анын себеби чет жактан келген буудайлар үчүнчү тараптан сатылып кетпесин деп алдын алуу.
XS
SM
MD
LG