Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Еврошаркет Ирандын сунушунда негизги суроолорго жооп жок деп эсептейт


Өзөктүк программасынын айланасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Ирандын жаңы сунуштарында эл аралык коомчулук күткөн башкы суроолорго жооп жок экенин Евробиримдиктин жетекчилеринин бири Хавьер Солананын өкүлү Кристина Галач билдирди. Анын айтымында документте конкреттүү проблема эмес, глобалдык маселер жөнүндө көбүрөөк сөз болгон. Ирандын сунушу Вашингтон күткөндөгүдөн алыс экенин мурдараак АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү да айткан эле. Бирок ошол эле учурда орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун билдирүүсүнө караганда, Ирандын өзөктүк программасы боюнча берген жаңы сунуштарынын үстүнөн иштөөгө болот. Ал дүйнө державаларын Ирандын сунуштарына чогуу –чаран жооп берүүгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG