Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

“Аксаткын менен Кулмырзанын” бет ачары болот


Бүгүн Муса Жангазиев атындагы республикалык куурчак театрында “Сахна” эксперименталдык театрынын “Аксаткын менен Кулмырза” спектаклинин бет ачары болот. Белгилүү акын Барпы Алыкуловдун вариантындагы “Аксаткын менен Кулмырза” дастанын драматург Алымкан Дегембаева сахнага ылайыкташтырып жазган. Спектаклде Барпынын “Аккан суу”, “Жер”, “Ажал”, “Шамал” темасындагы ырлары колдонулат. Спектаклдин режиссеру Нурлан Асанбеков, сүрөтчүсү Шарип Жайлообаев. Музыкалык аранжировкасын Бакыт Кыдыкбаев жасаган. “Аксаткын менен Кулмырза” спектаклинин долбоору экологияны коргоо багытындагы американын “Кристенсен” корунун көмөгү менен ишке ашырылган. Бул тууралуу режиссер Нурлан Асанбеков “Азаттыкка” билдирди. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG