Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:58

БУУ: Ооган шайлоосунда жеңүүчү аныктала элек


Улуттар уюмунун Ооганстандагы миссиясы ырастагандай, президенттик шайлоонун жеңүүчүсү антыктала элек. Ооганстандын шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын бүгүн жарыялоого тийиш эле. Бирок айрым кабарларга караганда, бурмалоолор жөнүндөгү арыздардын көптүгүнө байланыштуу жыйынтыктарды жарыялоо кийинкиге жылдырылышы ыктымал. БУУнун сүрөөнчүлүгү менен түзүлгөн даттануу комиссиясы бейшембиде 83 шайлоо участкасындагы бюллетендерди жараксыз деп тапты . Ошол участкалардын бардыгы президент Карзайды колдогон аймактарда жайгашкан. Дагы бир мөөнөткө шайланууну көздөп жаткан Карзай азырынча добуштардын 50 процентинен ашуунун алып, алдыда баратат. Анын негизги атаандашы Абдулла Абдулла шайлоо Карзайдын пайдасына бурмаланган деп айыптоодо.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG