Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:03

Жалал-Абаттагы оппозиция БЭКтин кайрылуусун колдоду


«Ата Мекен» партиясынын Жалал-Абат облусундагы уюму БЭКтин президенттик жана андан мурдагы парламенттик шайлоолорду легитимсиз деп тапкан кайрылуусун колдоорун билдирди. Уюм аталган саясий иш-чаралар жарандардын шайлоо укуктары эске алынбай, топ-тобу менен жана кайталап добуш берүүлөр, оппозициянын байкоочуларынын шайлоо участкаларынан чыгарылышы, административдик ыкмалар колдонуу менен бир киши жана бир партиянын пайдасы үчүн кызмат кылганын белгиледи. Партиянын облустагы уюмунун төрагасынын орунбасары Кадырбек Жакыповдын айтымында, уюмдун мүчөлөрү кайрадан президенттик шайлоо өткөрүүнү жакташат.

«Ак жол» партиясынын облустагы төрагасы Абдымалик Бектемиров шайлоолордогу мыйзам бузууларды четке кагуу менен оппозициянын талабын дайыма айтыла жүргөн орунсуз сөз деп билдирди. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG