Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:13

Өзгөндө 12 миңге чукул адам турак-жайга муктаж


Бул туурасында Өзгөн районунун акими Байышбек Жуманазаров «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтышынча, президент сугат жерлерди турак-жай үчүн ажыратууга мораторий жарыялагандыктан, бул маселе ого бетер чоң көйгөйгө айланды. Ошого карабастан Өзгөн шаарында, Куршап жана Мырзаке кыштактарында жарандар үчүн көп кабаттуу үйлөрдү куруу демилгеси жактырылды. Мындан тышкары таштак жана көп жылдар бою пайдаланылбай жаткан аянттарды жер тилкесине бөлүп берүү аркылуу да элдин муктаждыгын канааттандыруу аракети көрүлүүдө.

Анткени менен жергиликтүү талдоочулар Өзгөндөгү көрүнүш өлкөнүн бардык аймактарына таандык экенин, мындай маселени жалгыздап баш-аламан эмес, өкмөттүк деңгээлде чечүү зарылдыгын айтууда. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG