Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:39

Нарында нааразы ата-энелер мэрияга кайрылды


12-сентябрда Нарын шаарынын Чкалов атындагы орто мектебинин 5-6-классында окуп жаткан окуучулардын 17 ата-энеси мэрияга келишип, нааразычылыктарын билдиришти. Алар мектепке киргизилген гимназия класстарына окуучулар туура тандалган жок, ал эми келерки жылы мындай класска кабыл алынбаган балдарыбызды мектеп окутпайбыз деп жатышат. Эгерде маселе оң чечилбесе ар кандай акцияларды баштайбыз деген талаптарды да коюшту. Топтолгон ата-энелер менен шаардын вице-мэри Улан Мурадилов жана мериянын аппарат жетекчиси Эсентур Өмүралиев жолугушуп, жагдайды келерки аптанын биринчи күнүндө тараптардын катышуусунда карап чыгууну сунуш кылышты.

Аталган мектептин деректири Айчүрөк Самакова окуучуларды гимназия класска таңдоо так жүргүзүлгөндүгүн, экинчи маселе азырынча актай тургандыгын маалымдады. Бул мектепте эки күн мурда таңдоо болуп, анда гимназия класстарга 5- 6-класстардан элүүдөн окуучу кабыл алынган. Учурда Чкалов мектебинде 5-6-класстарда төрттөн класстар бар. (KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG