Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:35

Калем: "Назиктиктин өзүндө зор күч жатат"


Нургыз Исакова чыныгы аялзатына мүнөздүү сезимталдык менен кыялкечтикке эгедер болгон жаш калемгер. Буга чейин ал жазгандарын күндөлүккө жашырып келген болсо, быйыл ал эсселерин жана аңгемелерин биринчи ирет окурмандардын сынына алып чыкты.

- Назиктик менен турмуштун оор тоскоолуна каршы турууга болобу?

- Аялзаты өтө назик, бирок анын назиктиги менен жумшактыгынын ичинде да жашыруун мээрим бар. Назик десе эле, жашоонун кыйынчылыгынан сынып кала тургандай элестетебиз. Жок, тескерисинче айрым мырзалар көтөрө албаган катуу нерселерди аялзаты өзүнүн мээрими менен жеңет.

- Калемгер улуу чыгарма жазыш үчүн сөзсүз турмуштан оор запкы алышы шартпы?

- “Акынга тагдыр керек”, - деп айткан Александр Блок. Бирок бардык эле чыгармачылык инсанга андай оор тагдыр берилет дегенге кошулбайм. Чыгармачыл адамдын дүйнөсү өтө сезимтал. Ал жанындагылардын оор тагдырын жүрөгүнөн өткөрүп туруп деле улуу чыгарманы жазып коюшу мүмкүн.

- Маданиятка, адабиятка колдоо болбой, баа берилбей жатат деп белгилеген ушул коомдо жаш калемгерлердин тагдырын кандай элестетесиз?

- Мен да ушуга аябай капа болом. Колдоо чынында жок. Бирок көкүрөгүндө данеги бар ар бир улан- кыз жазбай коё албайт экен. Жылаңач баатыр болуп, өзүлөрүн- өздөрү көтөрүшүп китебин чыгаргандар бар. Андан сырткары интернет бүгүнкү жаштардын тез таанылып кетишине шарт түзүп жатат. Бул жагынан улуу муундагы калемгерлер жаштардан калып калышы мүмкүн.

Күндөлүктөн...

Күн нурлары уурдана жүзүмдөн аймалап жатканын татуу уйкунун кучагында сезип, адатымча төшөктөн эркелеп турдум. Апакай таңдын сулуулугуна кошо жуурулушкан таза ойлор мындай учурларда бермет сап шурудай моюнуңда тизилип калат деген чын окшойт. Оргуштаган булактын мөлтүрөгөн майда толкуну өңдөнүп, кайдадыр атылып турган жан дүйнөмө бөгөт кое албастырмын. Жайдын жайдары жүздүү бир кызы бүгүн бакыт бийин бийлеп, шаттык ырын ырдап, ар бир жылмаюсун мезгилдин эрке уулуна белек кылып турган чагы.

***
Зымыраган жолдо ой менен кубалашканды жакшы көрөм. Бирде ойлоруң талааларды аралап. Кайра тоо чокусуна чыгып, анан көк асманга саякат жасап жан дүйнөңдү байытып таштайт. Узун жолду ой менен кубалап отуруп, көздөгөн жериме да жете келдим.

***
Кыялыма мас болуп жүргөн күндөрүмдү кайрый албай койдум. Ар бир мезгилдин учуп күйүп турган учуру болот. Демек артта калган күндөрдөн сабак алсаң да аздык кылат.

***

Арадан канча суулар агып, канча мезгил алмашты. Бир да ирээт сен жөнүндө жакшы түш көрө албадым. Кокус түшкө кирсең, сагыныч таркап калаар дечү элем. Анткен сайын түштөрүмдөн качып кетчүсүң. Кээде элесиң көзгө илинсе, түшүм башка картиналарга алмаша, алдастай берчүмүн. Тагдыр аяп кеттиби, бүгүн түнү сени түшүмдө көрдүм. Кайра кайра кайталай... Ойгонсом сагыныч таркап калыптыр.
XS
SM
MD
LG