Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Чуулгандуу журналист эркиндикке чыгышы мүмкүн


Бүгүн АКШнын мурдагы президенти Жорж Бушка бут кийим ыргыткан ирактык журналист эркиндикке чыгышы мүмкүн. 2008-жылы декабрда АКШнын ошол маалдагы президенти Жорж Буш Багдадга барганда журналист Мунтазер аз-Зейди ага бут кийимин ыргыткан. Алгач журналист “чет өлкөлүк лидердин абройуна шек келтирди” деген айып менен үч жылга эркинен ажыратылган. Кийинчирек жазасы жеңилдетилген. Журналисттин туугандары бүгүн ал эркиндикке чыгат деп күтүшүүдө. Бирок журналисттин адвокаты бул маалыматты тактай албарын айтты.

XS
SM
MD
LG