Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:34

15-сентябрда Балыкчыда сот уланат


Ага оппозиция лидерлери катышат. Бул тууралуу Бириккен Элдик Кыймылдын лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров бүгүн билдирди. Анын айтымында, шейшемби күнү улана турган соттук жараянга оппозиция лидерлеринин катышуусу белгиленген. Алар 11-сентябрда соттук териштирүү башталганда да катышкан. Адвокат Сартбай Жайчыбековдун маалыматы боюнча Балыкчы окуясы боюнча 19 киши кылмыш жообуна тартылууда. Алар 23-июлда президенттик шайлоо күнү массалык баш-аламандыкка катышкан деп айыпталууда. Айрымдарына конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө аракеттенген жана шайлоого тоскоолдук кылган деген да кинелер коюлган.(AiT)

XS
SM
MD
LG