Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:58

Өзбекстан чек арасын белгисиз мөөнөткө жапты


Кыргыз чек ара кызматынын төрагасынын түштүк аймагы боюнча орун басары Акылбек Нышанов «Азаттыкка» билдиришинче, шарп оорусуна байланыштуу Өзбекстан чек арасын жабык абалда кармоону улантууда. Аны качан ачышаарын азырынча маалымдаша элек. Мурда айтылгандай, Өзбекстан эгемендүүлүк майрамын жана Ташкен шааарынын 2200 жылдыгын белгилөөгө байланыштуу Кыргызстан менен катташууну 27-августтан 10-сентябрга чейин токтоткон эле.

Ал эми оштук серепчилер чек ара көйгөйүнөн эки өлкөнүн жергиликтүү калкы гана зыян тартып, а түгүл базарларда кымбатчылык өкүм сүрүп жаткандыгын айтышууда. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG