Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Жалал-Абат: бензин күн санап кымбаттоодо


Ушу тапта облустагы май куюучу бекеттер А – 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майды литрин 31 сомдон ашыра сатышууда. А – 92- 93 үлгүдөгү бензиндердин наркы да ага жакын. Илең-салаң иштеген «Кыргыз петролеум компани» мунай заводу облусту май менен толук камсыз кыла албайт. Кымбатчылыктан улам автоунаалардын жол кире баалары да өсүүдө. Айыл-чарба жумуштарына зарыл дизелдик отун 23 сомго чыкты. Мындай баалар менен быйыл дан эгиндеринен чыгымга баткан дыйкандар кантип күздүк эгинди айдоого жана анын ашыкчасын кайда сатуунун жолун таппай, баштарын катырууда. Өкмөт 10 сомдон сатып алчу буудайларга талапты жогору коюп, облустан 3 миң тоннага жетпеген эгинди сатып алаарын кабарлаган. Облуста быйыл 145 миң тонна дан өндүрүлгөн. (YA)

XS
SM
MD
LG