Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:48

"Суу террактын" уюштургандар өмүр бою түрмөдө отурушат


Аларга бүгүн Британияда сот өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кескен өкүмүн чыгарды. 2006-жылы кармалышкан бу кишилер дүйнөлүк аба каттамдарында чоң башаламандыкты жаратышты. Анткени дал ушул үч адамды кармашкандан кийин, учактарга суу алып өтүүгө тыйуу салынган. Булар Атлантика үстүндө жети башка учакты суу бомбасы менен жардырууну көздөшкөн. Эгерде алардын планы ишке ашканда, анын кесепети 2001-жылдын 11-сентябрындагы терракттагыдай жоготууларга алып келмектиги айтылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG