Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Сүрөө-Таштын тургундары өзбек чек арачыларына нааразы


9-сентябрда Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын Кара-Суу районуна караштуу Сүрөө-Таш айылына куралчан кирип, жергиликтүү калктын үйлөрүн тинтип, каяша айткандарды сөгүп,тепкилеген. Оштогу кабарчыбыз кечээ Сүрөө-Таш айылына барганда, айылдын тургундары эки күндүн биринде эле өзбек чек арачылары куралчан кирип келип, үйлөрүн тинтип, товарларын алып кетип жатышканын айтышкан. Бул окуя боюнча Чек ара кызматынын төрагасынын түштүк аймагы боюнча орун басары Акылбек Нышанов кабары жоктугун билдирсе, Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары Абдысатар Шаятов Сүрөө-Таш окуясы боюнча комиссия түзүлгөндүгүн маалымдады. Аталган айылда 3 миңден ашуун адам жашайт. (AJ)

XS
SM
MD
LG