Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

БУУнун Кеңешинин жыйынына АКШ да катышты


АКШнын өкүлү алгачкы ирээт БУУнун Адам укугу боюнча кеңешинин Женевадагы жыйынына катышты. АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Эстер Бриммер муну “олуттуу окуя” деп баалады. Буга чейин Жорж Буштун администрациясы маалында Вашингтон бул Кеңешке демократиялык эмес өлкөлөрдүн мүчөлөрү да кирет деген жүйөө менен ага катышуудан баш тартып келген. Бийликке Барак Обама келгенден кийин май айында АКШ алгачкы ирээт БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан аталган Кеңештин курамына киргизилген. БУУнун Адам укугу боюнча кеңешине 47 өлкө мүчө.

XS
SM
MD
LG