Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:17

Укук коргоочулар тобу ЖКга кайрылды


Парламенттеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү, Жогорку Кенештин депутаты Кубанычбек Кадыровдон кол тийбестикти алуу боюнча Башкы прокуратуранын катына укук коргоочулардын тобу терең тынчсыздануусун билдирди. Бул маалыматты “Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулова бүгүн тастыктады. Маалыматка караганда, Башкы прокуратуранын Кадыровго каршы аракетин “өлкөдөгү жогорку мыйзам чыгаруу органына кол салуу” катары баалашып, 23-июлда Балыкчы шаарында тартип коргоо органдары ыйгарым-укуктарынан ашканын билдиришкен. Укук коргоочулар Кадыровго байланыштуу ачык угууларды өткөрүп, ага адвокат жана укук коргоочуларды катыштырууну Жогорку Кеңештен талап кылышты. (AiT)


Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG