Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:19

Сузак районунун 90 жылдыгына даярдык көрүлүүдө


Бүгүн Жалал-Абат облустук бийлиги райондун мааракесине карата уюштуруу иштерин карады. Эмки айда болоору күтүлүп жаткан 90 жылдыкта Сузак районунан чыккан согуштун жана эмгектин баатырларына, төкмө акын Барпы Алыкулов менен акын Түмөнбай Байзаковго аллеялар ачылат. Облустагы Тел-Тору ат майданын оңдоого 4 млн. сом акча бөлүү тууралуу президенттин жардыгы чыккан. Салтанатка байланыштуу чыгармачыл адамдар арасында түрдүү сынак жарыяланган. Райондун тарыхы тууралуу жазылган китепти чыгарууга каражат жетишпей жатат. Сузак району - президент Курманбек Бакиевдин кичи мекени. (YA)
XS
SM
MD
LG