Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

Бишкекте адам укуктары боюнча кинофестиваль болот


Адам укуктары боюнча “Бир дүйнө - 2009” даректүү фильмдердин III Эл аралык фестивалы 21-25-сентябрь күндөрү Бишкекте өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” “ Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова билдирди. Фестивалда АКШ, Сербия, Монголия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Финляндия жана Тажикстандан келген 15 даректүү тасмалар көрсөтүлөт. Т.Исмаилованын айтымында, фестиваль Бишкектен соң Каракол, Нарын, андан кийин Ош менен Исфанада улантылат. Жыйынтыгында адам укуктарын мыкты чагылдырган фильмге сыйлык ыйгарылат. “Биринчи жолу кыргызстандык жана белгилүү европалык режиссерлордун маектешүүсү болот. Анда адам укуктары жаатында сүйлөшүүлөр болот”, - дейт Т. Исмаилова. Фестивалда адам укуктарын ар өңүттөн чагылдырган драмалык, трагедиялык “Мунай”, “Акыйкат издөө” “Саламатсыңбы күнүм”, “Жашоосу чектелгендер”, “Иштеген эне”, “Терезе”, “Мен үчүн добуш берип койчу, суранам” ж.б. тасмалары көрсөтүлөт. Иш-чара “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борбору, Акыйкатчы институту жана Борборазиялык маданият жана искусство тармагы менен бирдикте өткөрүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG