Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Ошто укук коргоочу Равшан Азизов кармалды


Акыйкат сот - чындык» укук коргоо борборунун директору Равшан Гапиров «Азаттыкка» билдиришинче, бүгүн эртең менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери аталган уюмдун өкүлү Равшан Азизовду үйүнөн алып кетишкен. Ага Хизб-ут Тахрир диний-экстремисттик партиясынын мүчөсү, ошондой эле мыйзамсыз курал-жарак пайдаланып жүргөн деген айыптар тагылып, учурда калаадагы Батыш милиция бөлүмчөсүндө кармалууда.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы окуяны комментарийлөөдөн баш тартты. Ал эми жергиликтүү укук коргоочулар Равшан Азизовдун кармалышын анын жарандык активдүүлүгү жана бийликти сындагандыгы менен байланыштырууда. (ATo)

XS
SM
MD
LG