Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Ооганстанга өткөөл өкмөт керекпи?


Президенттик шайлоо учурундагы орой мыйзам бузуулар боюнча арыздар териштирилмейинче, шайлоонун жыйынтыгы жарыяланбайт.
Президенттик шайлоо учурундагы орой мыйзам бузуулар боюнча арыздар териштирилмейинче, шайлоонун жыйынтыгы жарыяланбайт.

Кабылдык талдоочу Ажмал Самади Ооганстанды азыркы оор кырдаалдан чыгаруу үчүн өткөөл өкмөттү сунуш кылат

Анткени, көптөгөн мыйзам бузуулар менен өткөн шайлоодон кийин президент Карзайда бийликте калганга моралдык укугу жок,

Өткөөл өкмөттү түзүү үчүн консти-
туцияны өзгөртүү же Лоя Жырга чакырып, өткөөл өкмөт жөнүндө чечим кабыл алуу керек.
Мухаммед Хашем

деп жазат Кабылдагы укуктук нормалардын сакталышын көзөмөлдөөчү бейөкмөт уюмдун башчысы Ажмал Самади дүйшөмбү күнү “Азатыкка” жазган макаласында.

Бул пикирге "Азаттыктын" Ооган кызматынын редактору Мухаммед Хашем кошулбайт. Хашемдин айтышынча, Ооганстан үчүн эффективдүү өкмөт курганга дагы бир нече жыл убакыт жана тынчтык керек.

Талиптер бийликтен кулатылгандан бери сегиз жылда Улуттар Уюму Ооганстанды бутунда кармап туруу үчүн миллиардаган доллар сарптады. Эл аралык коомчулук Ооганстанга эсепсиз аскерий, финансылык, саясый жана техникалык көмөк көрсөттү. 20-августагы президенттик шайлоо калыс өтүүсү үчүн 224 миллион доллар берди. Ага карабай, маанилүү өнөктүк көптөгөн мыйзам бузуулар менен өтө төмөнкү деңгээлде өттү, деп тыянак кылат Ажмал Самади.

Акыркы жылда Ооганстанда апийим өндүрүү жана апийим аткезчилиги, уюшкан кылмыштуулук, өкмөттөгү жемсөөлүк өсүп, лашкер башчылар менен кылмышкерлер өкмөткө келүүдө. Шайлоо жыйынтыгы олуттуу мыйзам бузуулар тууралуу 700дөн ашуун арыз териштирилмейинче жарыяланбайт.

Бул, Самадинин пикиринче, саясый жана коопсуздук жагдайын дагы курчутат. Кырдаалды татаалдатпоо үчүн Самади өткөөл өкмөттү түзүүнү сунуш кылат. Ошондо ооган эли эларалык коомчулук кайсы бир саясатчыны эмес, демократияны колдогоуна ишенмек, дейт Самади:

-Бул Карзайга кубаттуу белги болуп, ал шайлоодо жеңгенине ишенсе, жүрүм-турумун өзгөртмөк. Акыркы айларда Карзай талаа командирлери жана кылмышкерлер боюнча кабыл алган чечимдерин өзгөртүп же маң аткезчилерин абактан бошотуп, ички-тышкы байкоочуларды таң калтырды. Эл аралык коомчулук чексиз колдой бербесин президент Карзай түшүнчү мезгил келди.

“Азаттык” радиосунун Ооган кызматынын редактору Мухаммед Хашем өткөөл өкмөттү түзүүгө Ооганстандын баш мыйзамы жол

Мектептен кайткан ооган кыздар көчмө күркөнүн жанында. 14-сентябрь 2009-ж.

бербесин айтып, Ажмал Самадинин сунушуна макул эмес:

-Бул анын жеке пикири. Тилекке каршы, Самадинин өлкөдөгү кырдаалды сындаган көзкарашы туура. Ырас, Ооганстанда коррупция кеңири жайылган жана башка кемчиликтер да жык-жыйма. Бирок, өткөөл өкмөттү түзүү пайдасыз. Себеби, Ооганстандын Лоя Жырга кабыл алган конституциясы бар. Конституцияга ылайык- чоң кемчиликтер менен болсо да- президенттик шайлоо өттү. Өткөөл өкмөттү түзүү үчүн конституцияны өзгөртүү же дагы бир Лоя Жырга чакырып, өткөөл өкмөт жөнүндө чечим кабыл алуу керек.

Ошол эле учурда Мухаммед Хашем соңку бир жылда талиптердин чабуулу күчөп, өкмөттө жемсөөлүк өскөнүн танбайт. Бирок, Ажмал Самади Ооганстан 30 жылдык согушту баштан кечиргенин, Карзай башындагы өкмөт 8 жылда жетишкен ийгиликтерин жадынан чыгарып жибергенин айтат:

-Азыркы өкмөткө сегиз жыл болсо да, Ооганстан билим берүүдө, улуттук армияны жана полицияны курууда чоң ийгиликтерге жетишти. Ооганстанда эркин басма сөз пайда болду. Миллиондогон балдар-кыздар мектепке барышты. Бул чоң ийгилик. Ошон үчүн Самади мырзанын комментарийине айрым түзөтүү керек. Ооганстанда иш билги мыкты өкмөт болуусу, мыйзамдуулукту бекемдөө жана коопсуздук жакшыруусу үчүн убакыт керек.

Ооганстандагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы атайын комиссия 2 700дөн ашуун доо арызды карагандан кийин гана чыгат деп күтүлүүдө. Алардын 700дөн көбү олуттуу мыйзам бузуулар, анын ичинде Карзайдын бийлик ресурстарын колдонуусу жөнүндө.

XS
SM
MD
LG