Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Орусия журналисттердин өлүмү боюнча үчүнчү орунда


Бул тууралуу бүгүн Москвада Журналисттерди коргоо комитети деп аталган уюм билдирди. Эларалык бул уюмдун укук коргоочулары Орусияда журналисттер өз жанынан коркушкандыктан коррупция, Түндүк Кавказдагы кырдаал жана адам укуктарынын бузулуп жатышы тууралуу аз жазып калышты дешет. Орусияда 2000-жылдан бери 17 журналистти өлтүрүп кетишкен жана алардын бирөөндө гана иш аягына чейин чыгып, адамдар жазага тартылган. Буга укук коргоочулар орус президенти Дмитрий Медведев менен премьер-министр Владимир Путин моралдык жактан жооптуу деп айтышты.

XS
SM
MD
LG