Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

Зыяратчылар атайын эмдөөдөн өтүшү керек


Мындай маалыматты бүгүн Муфтий Мураталы ажы Жуманов Өкмөт үйүндө болгон жыйында билдирди. Мындай чечим чочко тумоосунун күчөп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынган. Жылына Кыргызстандан 4 миңден ашуун, дагы башка өлкөлөрдөн жүз миңдеген мусулман динзарлар барган Саударапстанга араб мамлекеттери балдарды, карыларды, оорулуу адамдарды быйыл Мекке зыяратына жибербөө тууралуу чечим кабыл алышты. М.Жумановдун айтымында, учурда зыяратчыларды коштоп жүрүү үчүн тил билген 48 жандоочу-жетекчилердин талапкерлери такталган. Учурда ажыга барчулардын «Кыргызстан», «Кыргызстан Транс Авиа», «Эйр Манас» авиокомпаниялары аркылуу уча турганы такталууда. Кыргызстандык зыяратчылардын биринчи тобу 5-ноябрда жолго чыгышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG