Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Кабири: "Тажиктерге диний мамлекет керек эмес"


Тажикстан ислам кайра жаралуу партиясын колдогон аялдардын бирин Хожентте белгисиз бирөөлөр быйыл августта сабап кетишкен.
Тажикстан ислам кайра жаралуу партиясын колдогон аялдардын бирин Хожентте белгисиз бирөөлөр быйыл августта сабап кетишкен.

Тажикстанга ислам мамлекети эмес, ислам коому керек. "Азаттыктын" кабарчысына Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабири ушундай деп билдирди.

Ислам кайра жаралуу партиясынын 63 орундуу парламентте эки мандаты бар. Алдыдагы жылдын февралында боло турган шайлоодо партия өз өкүлдөрүн көбөйткөнгө үмүт кылууда. ХНИТ(Хизби Нахзати Исломии Точикистон) - Тажикстанда эле эмес,жалпы Борбор Азиядагы ырасмий таанылган жападан-жалгыз диний партия.

"Бу бизге чоң жоопкерчилик жүктөйт, проблемаларды да түзөт, -дейт ХНИТтин лидери Мухиддин Кабири. - Өлкөнүн ичинде жана тышында бизге өтө шектенип көз салгандар көп. Биздин айрым тарапкерлерди коркутуп-үркүткөн,атүгү токмоктоп кеткен учурлар болот. Ушундай шартта кокус бир калпыстык кетирсек,партияга эле эмес,жалпы исламга көлөкө түшүрүп алгандай болобуз. Ошондуктан өз озуйпабызга абдан жоопкерчилик менен карайбыз".

Бу партияга ишене бербеген айрым адамдар ХНИТ өлкөдө түбү барып ислам мамлекетин түзүүнү көздөй турганын бөркүндөй эсептешет. Кабири муну түп орду менен четке кагып, ХНИТ "өлкөнүн башкы мыйзамын гана эш тутарын, дегеле ким бирөөнүн Алланын атына жамынып, өлкөнү башкаруусун каалабай турганын" бышыктады.

"Биз ислам мамлекетин түзүүнү көздөбөйбүз, бирок ислам коомун түзгүбүз келет.Өкмөт технократтардан,мусулман ыкыласмандарынан куралышы керек,ал эми коом ислам асылнарктарына таянышы керек. Ток этерин айтканда,теократиялык режимге каршыбыз,динаятсыз (секулярдык) системаны жактайбыз",-дейт Кабири.

Региондогу диний экстремизм маселесине токтолуп, Кабири мындай коркунуч бар экенин, ал гана турсун күч алып да баратканын моюнга алды.

"Тилекке каршы, бул үчүн жетерлик шарт түзүлдү, -деп эсептейт ХНИТтин лидери. – Аймактагы беш өлкө тең дүйнөдөгү эң коррупцияланган 20 өлкөнүн катарына кирет,бешөө тең дүйнөдөгү авторитардык 20 өлкөнүн катарында турат. Жакырчылык кеңири жайылды. Мындай шартта адамдар айласыздан экстремист болот. Кокус бу аймакты,маселен, мусулмандар эмес, христиандар байырлап, ошолор басымдуулук кылып турганда барбы, алардан деле экстремисттер чыкмак".

Кабири диний экстремизмди ооздуктоонун эң ишенимдүү жолун баарыдан мурда экономикалык абалды жакшыртуудан көрөт.

XS
SM
MD
LG