Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:17

Зобун-зордук жана өрт улуттук кирешени көбөйтөт


Ички дүң продукция - өлкөнүн экономикалык абалын толук чагылдырбайт, деп эсептейт Франциянын президенти. Ошон үчүн, Саркозинин пикиринче, элдин жыргалчылыгын да кошо саноо керек.

Франция президенти экономикалык көрсөткүч өлкөдөгү чыныгы абалды толук чагылдырбайт деп, кошумча эсептөөлөрдү талап кылган биринчи лидер эмес. Совет доорунда республика жетекчилеринин маргарин ээритип, сүттүн планын аткарган же төшөккө салынган

Оройлук жана зобун-зордук ИДПны көбөйтөт деген чынбы? Ооба.
Проф. Фитусси

тыбытты кыркылган жүнгө кошуп же төлдү көбөйтүп жазган учурлар арбын болгон. Николас Саркозинин
Профессор Стиглиц башындагы топтун сунушу 80 жыл мурда АКШда кабыл алынып, кийин дүйнөгө жайылган ИДПны эсептөөнү өзгөртүшү ыктымал.
советтик жетекчилерден айырмасы, ал Улуттук статистикалык комитетти кошуп жазууга түрткөн жок.

Бир жыл мурда курамына Нобель сыйлыгынын лаураттары, Жозеф Стиглиц жана Амартия Кумар Сен кирген кеңеш түзүп, алар даярдаган докладга таянып, ички дүң продукцияны же ИДПны эсептөөдө жаңы көрсөткүчтөрдү колдонууга чакырды. Маселен, жан башына өндүрүлгөн кирешени толук эсептелсе, бул көрсөткүч боюнча АКШ жана Франция ортосундагы айрыма эки эсеге азаят экен. Азыр жан башына өндүрүлгөн кирше АКШда Францияга караганда 14 процентке жогору. Абактагы адамдардын саны, көчөдө унаанын көптүгүнөн жылалбай кезек күткөн машинелер ИДПга оң таасир этет дешет изилдөөнүн авторлору.

Докладдын координатору, профессор Жан-Поль Фитуссинин айтышынча:

- Париждин көчөлөрүндөгү жүрө албай кезек күткөн автомобилдер ИДПны көбөйтөрү ыраспы? Өрт айлык акыны көбөйтөрү чынбы? Оройлук жана зобун-зордук ИДПны көбөйтөт деген чынбы? Бул үч суроого тең жооп - “ооба”.

Ушундан улам, АКШнын Колумбия университетинин профессору Стиглиц башындагы окумуштуулар улуттук кирешени эсептегенде өкмөт элдин жыргалчылыгын да кошо эсептеши зарыл дешет. Же профессор Фитусси айткандай:

Москванын көчөсүндөгү мына бул автомилдер майды көп жеп, экономикалык өсүшкө салым кошот, дешет илимпоздор.
- Илимий топ ИДПны эсептегенде бардык нерселерди: эмгек өндүрүмдүүлүгүн, элдин жашоо жыргалчылыгын, жашоо сапатын кошо саноону каалады.


Профессор Стиглицтин сөзүнчө, АКШда өткөрүлгөн соңку эл катоо 2000-2008-жылдары үй-бүлөлөрдүн орточо кирешеси 4 процентке азайганын көрсөткөн. Маалымат каражаттары жана өкмөт колдонгон метод боюнча, бул жылдары АКШнын экономикасы өскөн.

Непада экономикасы өнүккөн 20 өлкө лидерлеринин келерки аптада Питсбургда болчу саммитинде Стиглиц башындагы топтун сунушу кабыл алынып калса, билим деңгээли, жумушсуздук, саламаттыктын абалы, дем алыш, үй-мүлк, керектөө сыяктуу көрсөткүчтөр ички дүң жыйымды эсептегенде кошо саналып калышы мүмкүн.

Италиянын башкы статисти Энрико Жиованнинин сөзүнчө, маселе ИДПны алмаштырууда эмес. Маселе элдин жыргал турмушун чагылдырчу жаңы көрсөткүчтөрдү пайдалануу жөнүндө. Эгер ИДПны эсептөөдө турак үйлөрдөгү комфорт кошо эсептелсе, Европа, Түндүк Америка өлкөлөрүнүн ИДПсы көбөйүп, Кыргызстан жана башка Борбор Азия өлкөлөрүнүн ИДПсы начарлашы талашсыз.

1930-жылдары оболу АКШда пайдаланылып, кийин башка өлкөлөрдө колдоого алынган ИДП көрсөткүчү - бул жыл ичинде өндүрүлгөн товарлар менен көрсөтүлгөн тейлөөнүн баасы. Бул метод боюнча Кошмо Штаттар дүйнөдөгү экономикасы эң чоң өлкө. Бирок, Улуттар Уюму колдонгон адамзаттын өнүгүү индекси - 2008-жылы дүйнөдө экономикалык өнүгүүсү боюнча Ирландия, Норвегия жана Канаданы топ башына коюп, АКШга 15 орунду берген. Бул индекс элдин ден соолугу, өмүрүнүн узундугу, билими жана жашоо шартын камтыйт.

Ал эми Бутан падышалыгы ИДПнын ордуна улуттун бактылуулугу көрсөткүчүн пайдаланат.

Баса, АКШлык илимпоз Дэвид Вейл ИДПны өлкө түнкүсүн бөлгөн жарыкка карай эсептеген.

XS
SM
MD
LG