Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:18

Меккеге баруучулар эмдөөдөн өтүүсү керек


Меккеге зыяратка баруучу Кыргызстандын атуулдары жөнөкөй тумоого, чочко тумоосуна жана менингитке каршы сертификат албаса Сауд Арабстанга өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызстан саламаттык сактоо министринин орун басары Сабыржан Абдыкаримов билдирди. Анын айтымында, зыяратка баруучуларды медициналык эмдөөдөн өткөрүү боюнча муфтият менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал ошондой эле Меккеге баруучуларды атайын даярдыктагы медицина кызматкерлери коштоп барарын кошумчалады. Быйыл мусулмандардын ыйык жерине Кыргызстандан төрт жарым миң зыяратчынын баруусу күтүлүүдө. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG