18-сентябрда Мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин түзүлгөнүнө беш жыл болот. Бул күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда президент Курманбек Бакиевдин катышуусунда салтанаттуу жыйын өтөт. Аталган агенттиктен кабарлашкандай, 19-20-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө Кыргызстандагы мамлекеттик кызматтын азыркы абалы, көйгөйлөрү жана келечеги боюнча эл аралык талкуу болот. (EBM)